Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Пакистан: Бин Ладен дарыгеринин амандыгы баш катырууда


Дарыгер Шакил Африди.
Дарыгер Шакил Африди.

“Ал-Каида” террордук түйүнүнүн мурдагы лидери Усама бин Ладенди жашынган жеринен табууга жардам берген дарыгер узак мөөнөткө түрмөгө кесилген соң эми анын абактагы амандыгын камсыздоо күн тартибине чыкты. Бул маселе учурда пакистандык бийликтердин башын оорутуп турган чак.

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын улук министри Башир Билоурдун айтымында, доктор Шакил Африди провинция борбору Пешавардагы абакка түшкөндөн бери анын коопсуздугу мүмкүн болушунча корголду.

Бирок көптөгөн пакистандыктардын азыр аны “саткын” деп эсептеши, ал олтурган түрмөдө талибдердин да болушу жана түрмөдөн көп сандагы кылмышкерлердин жакында качып кетиши камтамачылык жаратууда.

Пешевардагы борбордук түрмө.
Пешевардагы борбордук түрмө.
Алсак апрелдин орто ченинде аталган провинциянын өкмөтү Банну деген шаардагы түрмөдөн жүздөгөн талибдердин качып кетиши үчүн кескин сынга алынган. Министр Билоурдун пикиринде, мындай жагдай доктор Африди менен кайталанбашына эч ким кепилдик бере албайт:

- Ал федералдык өкмөт башкарган аймакта соттолду. Биз азыр аны коопсуздугу толук сакталуучу жерге которууга аракеттенип жатабыз. Кудай сактасын, кокус ага бир нерсе болсо биздин провинция жана Пакистан жаманатты болот.

48 жаштагы дарыгер Африди Усама бин Ладен былтыр 2-майда, Абботтабад шаарындагы үйүндө АКШнын атайын күчтөрү тарабынан жок кылынгандан үч аптадан кийин эле камакка алынган.

Башында Пакистандын чалгын кызматтары Африди жасалма эмдөөлөр аркылуу “ал-Каида” лидеринин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ДНК анализдерин чогултууга аракеттенген деп шектенген.

Бирок былтыр жыл соңунда атайын соттук комиссия Пакистан өкмөтүнө Афридиге АКШнын Борбордук чалгын кызматына жардам берип, чыккынчылыкка барган деген айып тагууну сунуш кылган. Бирок дарыгерге мындай айып азырынча коюла элек. Чыккынчылык Пакистанда эң оор кылмыш катары саналат.

Африди быйыл майда мыйзамсыз экстремисттик топтор менен байланышта турган, коопсуздук күчтөрүнө каршы согушкан деген айып менен 33 жылга кесилди.

Дарыгердин адвокаты Самиулла Афридинин ырастоосунда, жергиликтүү бийликтер ал камакка алынгандан бери коопсуздукту жүйөө кылып, Пешевардагы борбордук түрмөнүн ичинде кардары менен жолугушуусуна азыркыга чейин мүмкүндүк бербей келди. Ал абакта отургандардын көбү талибдер болгондуктан дарыгердин коопсуздугунан анын үй-бүлөсү да камтамага түшүүдө:

- Пешевардын борбордук түрмөсүндө Талибан жана башка диний экстремисттер менен байланышкан адамдар көп. Медияда да ага каршы пропаганда жүрүп жаткандыктан азыр Афридинин абалы абдан аялуу болуп турат.

Хайбер-Пахтунхва провинциясынын улук министри Башир Билоур белгилегендей, алар азыр борбордук бийликти бин Ладендин дарыгерин полиция жакшы кайтарган, мурда саясий ишмерлер да кармалуучу аскерий түрмөгө которууга үндөп жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG