Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия корутундусун жарыялайт


Бүгүн парламенттеги үч комитет Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүтүмүн талкуулайт.

Комиссия ушул жылы 15-февралда түзүлгөн. Ошол айда “Кумтөр” компаниясында иштеген 1,5 миңдей киши айлык акыны көбөйтүүнү, Социалдык фондго чегерүүлөр маселесин чечүүнү талап кылып иш таштаган болчу.

Өткөн ай этегинде Жети-Өгүздүн Барскоон айылында Кумтөргө кетчү жолду аталган райондун жаштары бир нече күн бууп, бийликке жана кен казган компанияга 20 талап коюп, аларды аткарууга 20-июнга чейин мөөнөт чектеген эле. Алардын арасында Кумтөрдөгү экология боюнча комиссия түзүү, 2010-жылы берилген 16 гектар жерди кайрадан мамлекетке кайрып алуу сыяктуу талаптар бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG