Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы кырдаал каралат


Улуттар Уюмунун Сириядагы байкоочулар тобунун башчысы, генерал Роберт Муд бүгүн БУУнун Коопсуздук Кеңешин Сириядагы кырдаал менен тааныштырат. Ишемби күнү БУУнун миссиясы президент Башар Асад менен козголоңчулар арасындагы уруш токтобой жатканын айтып, байкоочулук кылууну токтоткон.

БУУнун 300 куралсыз байкоочулары эл аралык тынчтык планынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында Сирияга апрелде киргизилген. Планды эки жак тең эч качан аткарган эмес.

АКШ президенти Барак Обама жана Орусия президенти Владимир Путин Мексикадагы Чоң 20нын саммитинен тыш убакта чогуу жасаган кайрылуусунда Сириядагы “бардык зобун-зордуктарды тез токтотууга” чакырышты.

XS
SM
MD
LG