Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Кыргыз-орус парламент аралык комиссия жыйын курат


Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер боюнча комитеттин башчысы Алмазбек Батырбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, жыйын 27-29-июнь күндөрү Москвада өтөт. Анда негизинен эки өлкөнүн алака-катышы талкууланат. Кыргыз тарап Орусиядагы эмгек мигранттардын шарт-абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды камдап атат.

Расмий Москва Орусиядагы эмгек мигранттарга талаптарды катаалдатып жатат. Жаңы президент Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, күздөн тарта гастербайтерлер орус тили, тарыхы жана негизги мыйзамдары боюнча милдеттүү түрдө экзамен тапшыра баштайт.

Ар кайсы маалымат булактарга караганда, ушу тушта Орусияда 500 миңден 1 миллионго чейин кыргызстандык иштеп жүрөт. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG