Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Коррупцияга каршы бийлик-жарандык коом коалициясы түзүлөт


Бүгүн Бишкекте Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттиги (ЮСАИД) менен БУУнун өнүктүрүү программасынын жемкордукту ооздуктоо боюнча биргелешкен долбоору ишке кирет. Ага ылайык, кыргыз бийликтеринин коррупцияга каршы иш-чараларын күчөтүү, натыйжасын арттыруу үчүн мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган коалиция түзүү каралууда. Долбоордун баасы 1 миллион долларды түзөт.

Кыргыз өкмөтү жыл башында коррупцияга каршы аёсуз күрөш жарыяланганын билдирген. Өкмөттүн бул жааттагы планына ылайык Каржы полициясы жоюлуп, анын ордуна жаңы кызмат түзүлгөн. Экинчи кварталда милиция реформасы башталаары айтылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG