Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Пакистанда Жогорку сот өкмөт башчысын кызматына жараксыз деп тапты


Сот Юсуф Раза Гилани мамлекеттик жетекчиликте же парламентте боло албайт деген өкүм чыгарды.

Пакистандын жараны Ахмед Гиланинин кеткени туура деп эсептейт:

- Бул эң туура чечим болду. Өкмөт башчысы мурда эле кетиш керек болчу, кечиктирип койду. Эгер ал мурдараак эле өзү кетип калганда, эл ичинде баркы дагы өсмөк.

Кабарларга караганда, бийликтеги Элдик партиянын жетекчилиги азыр чукул жыйын өткөрүп жатат. Партия Гиланинин ордун баса турган кишини тандашы керек. Апрел айында Жогорку сот Гиланини президент Асиф Али Зардариге каршы кылмыш ишин кайра козготпогону үчүн күнөөлүү деп тапкан. Гилани Зардари мамлекет башчысы катары толук иммунитетке ээ экендигин айтып келет. (JCh)

XS
SM
MD
LG