Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Ош мэриясы: Мырзакматов жөнүндөгү имиштер жалган


Ош мэри Мелис Мырзакматовдун буту шал болуп, үйүндө жатат деген сөздөр жалган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматова билдирди.

Мырзакматов 13-июнда өкмөт жыйынынан өзүн жаман сезип жаткандыгын айтып, чыгып кеткенден соң калк арасында ал ооруканада экени, буту иштебей калганы жөнүндө кеп тараган.

“Мелис Мырзакматовдун ден соолугу жакшы. Учурда жеке иштерине байланыштуу Бишкекте жүрөт. Ал жөнүндө айтылып жаткан сөздүн баары ушак”,- дейт Ажиматова. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG