Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52
Президент Асиф Али Зардари жаңы премьер-министрди табуу боюнча талкууну бүгүн экинчи күн өткөрүүдө. Жаңы өкмөт башчыны дайындоо зарылдыгы кечээ Пакистандын Жогорку Соту премьер-министр Юсуф Риза Гиланини кызматтан четтетүү менен депутаттык мандаттан ажыраткан соң жаралды.

Сот мындай чечимге ал Швецариянын бийликтеринен президент Асиф Али Зардариге каршы кылмыш ишин кайра ачууга өтүнүч жөнөтүүдөн баш тарткан деген жүйөө менен барды. Гиланинин кызматтан четтетилиши Пакистандын сот бийлиги менен президент Зардари ортосундагы тирештин туу чокусу болду.

Зардари да, Гилани да кирген Пакистан Элдик партиясы жаңы премьер-министрди бүгүн кечке аныктоого үмүттөнүүдө.

Пакистандагы азыркы саясий кризис өлкөдө исламчыл согушкерлердин кыянатчылыктары жайылып, экономика олку-солку болуп жана энергия тартыштыгы сезилип турган учурга туш келди. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG