Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

ИИМ академиясынын курсанттары мушташканы айтылууда


Кечээ, 19-июнда ИИМ академиясынын 5-курсту аяктаган курсанттары бүтүрүү кечесин майрамдап, Бишкектеги “Монте Карло” эс алуу жайында мушташ чыгарганы айтылууда.

Күбөлөрдүн айтымында, мас болгон курсанттар өз ара мушташып, арачы түшкөн эс алуу жайынын тартип коргоо кызматкерлерине да кол көтөрүшкөн. Аталган эс алуу жайы бул окуяны тастыктап, бирок окуя боюнча кеңири айтып берүүнү ылайык көргөн жок.

Ал эми ИИМ академиясынын тарбия иштери жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдразак Турдубаев бул окуяга курсанттардын тиешеси жоктугун, аны башка адамдар чагым катары уюштуруп, курсанттарды күнөөлөп жатканын айтты. Бирок Абдразаков бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлө турганын кошумчалады.

ИИМдин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча арыз келип түшпөгөнүн билдирүүдө. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG