Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Грецияда жаңы премьер-министр ант берди


Грециянын жаңы премьер-министри Антонис Самарас.

Грециянын жаңы премьер-министри Антонис Самарас.

Бул ирет премьер-министрликке консервативдик багыттагы “Жаңы демократия” партиясынын лидери Антонис Самарас келди. Ал бүгүн ант берүү жөрөлгөсүнөн кийин кабарчылар менен маегинде “өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз”, - деп билдирди.

“Жаңы демократия” партиясы өткөн дем алыштагы парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган. Аны менен коалицияга социалисттик ПАСОК жана “Демократиялык сол” партиялары кирди.

Бул үч партия тең Грецияны карыздан куткаруу үчүн Евробиримдик жана Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн насыя келишимдерин колдой тургандыктарын билдиришкен. Эл аралык кредиторлор Грецияны ошол келишимдер ишке ашуусунун шарты - үнөмдөө чараларын улантуучу өкмөт курууга үндөшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG