Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча талкууну жума күнү улантат


Парламент 20-июнда Кумтөр боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап аягына чыкпай калды. Алтын кени тууралуу сөз ушул жума күнү, 22-июнда парламенттин кезексиз жыйынында уланмакчы.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров компаниянын иши боюнча бир топ сын пикирин айтып, тиешелүү маалымат берди.

Анын айтымында, кыргыз өкмөтү менен «Кумтөр оперейтинг компани» ортосундагы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишим үч ирет кайрадан жаңыртылып түзүлгөн. Келишимде 208 тонна алтын кору көрсөтүлгөн, бирок чынында ал жерде алтын кору 953 тоннаны түзөт. Ошондой эле, кен ылгоо ишканасын куруу үчүн жумшалган каражат долбоордо каралгандан ашык чыгымдалган. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов депутаттарды Кумтөр боюнча кескин чечим кабыл алууга шашпоого чакырууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG