Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Кызыл Чырым Хомста камалып калгандарды чыгарып кетүүгө даяр


Кызыл Чырым соопчулук уюму козголоңчулар менен президент Башар ал Асаддын аскерлеринин ортосундагы дээрлик жарым айдан берки салгылашта камалып, жарадар болгон шаар тургундарын чыгарып кетүүгө даяр экендигин билдирүүдө. Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин маалымдашынча, эки тарап тең бул максатта убактылуу элдешүүгө макул болушту.

Хомс мындан дээрлик бир жарым жыл мурда Асадга каршы башталган козголоңдун очогу болуп калды. Кырдаал ушунча начарлап кеткендиктен, мында турган Бириккен Улуттардын байкоочулары аткыланып, токмоктоого дуушар болгондон кийин, шаардан чыгарылган. Анын аралыгында, Сириянын түндүк-батышындагы Латакия дубанында козголоңчулар аскер турактарына кол салып, кеминде 20 аскер окко учкандыгы кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG