Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Ноокатта сел жүрдү


Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айыл аймагында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, 20-июнда саат 20:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Беш-Коргон айылында 2 турак үйдүн чарбагын суу каптады. Мындан сырткары Зулпуев айыл аймагында да сел жүргөн. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG