Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Тербишалиев: Бекер укуктук жардам мыйзамы аткарылбай жатат


Кыргызстанда мамлекет тарабынан жарандарга бекер юридикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам аткарылбай жатат. Мындай пикирин бүгүн парламент жыйынында депутат Данияр Тербишалиев билдирди. Жогорку сот, баш прокуратура жана юстиция министрлиги аталган мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат берүүсүн талап кылды.

Калктын аялуу катмарына мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардам жөнүндөг мыйзам 2009-жылы июл айында кабыл алынган.

Мурдагы күнү Бишкекте мамлекеттик бекер юридикалык жардам берүүнү жакшыртуу боюнча жыйын өткөн. Анда бул жаатта мыйзамдын аткарылышы боюнча сереп, иликтөөнүн жыйынтыгы сунушталган.

Юстиция министрлиги менен Сорос-Кыргыстан кору бул жаатта кызматташып, атайын сынак менен тандалып алынган 150 адвокатты окутуп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG