Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Сасыкбаева: "Ата-Бейитти" конокторго азыр көрсөтүү уят


Чоң-Таш айылындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин азыркы абалында чет элдик конокторго көрсөтүп болбойт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Асия Сасыкбаева билдирди.

"Тосмолору кыйшайып, өңү өчүп калган. Комплексти тейлөөгө мамлекет бөлүп берген акча шыпыргы сатып алганга да жетпейт экен. Конокторду ал жерге алып барууга биз азырынча даяр эмеспиз", - деди депутат.

Кыргызстанга келген жогорку даражалуу расмий конокторду тосуу тартиби быйыл апрелде өзгөргөн болчу. Мындан ары Бишкекке келген чет өлкө президенттери, өкмөт, парламент башчылары, тышкы иштер министрлери жана ошолордун деңгээлиндеги расмий делегация өкүлдөрү сөзсүз түрдө "Ата-Бейит" мемориалына барып гүл коюшат делген.

"Ата-Бейитте" өткөн кылымдын 30-жылдарында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү жана 2010-жылдын 7-апрелинде набыт болгондордун сөөгү коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG