Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Египетте шайлоонун жыйынтыгы бүгүн жарыяланбайт


Египеттин шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жарыялоону кийинкиге калтырды. Добуш берүүнүн экинчи айлампасында ат салышкан “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохаммед Мурси жана мурдагы президент Хосни Мубарактын тушунда өкмөттү жетектеген Ахмед Шафик экөө тең жеңгенин ырасташууда. Жеңүүчү бүгүн расмий жарыяланат деп айтылган. Бирок шайлоо комиссиясы бурмалоолор болгонун айтып, аларды текшерүүгө убакыттын керектигин айтып чыкты. Саясий бейстабилдүүлүккө өмүр аягына чейин абакка кесилген Мубарактын саламаттыгынын начралашы да салым кошту. Экс-президент бир нече күндөн бери эс учуна келе элек. Соңку жаңылыктарга караганда, “Мусулман агайындардын” жактоочулары Шафик мамлекет башчы болсо, Мубарактын доору уланат деп, Каирдеги Тахрир аянтына нааразылыгын билдирип чыгышты.

XS
SM
MD
LG