Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Карзай коррупцияга каршы чечкиндүү чара көрүүгө чакырды


Ооган президенти Хамид Карзай депутаттарды жана эл аралык агенттиктерди коррупциянын жайылышына бөгөт коюу үчүн көбүрөөк чара көрүүгө үндөдү.
Бейшембиде парламентте чыгып сүйлөгөн президент өкмөттүн ар бир мүчөсү паракорлукка, өлкө муктаж болгон каражаттын талап-тонолушуна, алга жылууга кедерги түзгөн көрүнүштөргө каршы биргелешип аракеттенүүгө тийиш деди. Карзай АКШ оогандык расмий адамдар жетектеген жеке фирмаларга коммерциялык контракттарды берүүнү токтотушу керек деп чакырды.

Карзай коррупцияга каршы күрөшүүгө убада кылып келатканы менен аналитиктер анын демилгелеринен алгылыктуу майнап чыкпаганын белгилешет.

XS
SM
MD
LG