Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Депутат Нариман Түлеев кармалып, кайра кое берилди


Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев бейшембиде кечки саат тогуздар чамасында кармалып, түнкү саат он эки жарымдар чамасында кайра кое берилди. Түлеев Бишкектеги Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы башкармалыгынын имаратынан чыгып жатып, кармалышынын себебин билбей турганын айтты. Бирок кол тийбестик укугуна шек келгенин белгилеп, бул окуя боюнча сотко кайрыларын билдирди. Эл өкүлү өзүнүн кармалышынын болжолдуу себебин өкмөткө ишеним көрсөтпөй жатканы жана Кумтөр маселесин көтөрүү аракети менен байланыштырды. Нариман Түлеевди колдоп Башкы прокуратурага Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Садыр Жапаров баштаган оппозициячыл депутаттар келди. Имараттын алдына Түлеевдин туугандары баш болгон 100-130 чамалуу тарапкерлери топтолду.

Депутаттын атасы Ташболот Түлеевдин айтымында, Нариман Түлеевди 21-июнда кечки тогуздарда 20-30 чакты күч түзүмдөрүнүн атайын даярдыктагы кызматкерлери Бишкектеги үйүнөн кармап кеткен.

Башкы прокуратура Түлеев эмне үчүн кармалганы боюнча расмий билдирүү тарката элек. Мекеменин басма сөз катчысы Сейитжан Апышев бул тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин “Азаттыкка” кабарлады.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Бишкек мэри болуп иштеген Нариман Түлеев 2010-жылдын 7-апрель окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Андан соң Түлеевдин өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган. Убактылуу өкмөт аны кызматта турган кезинде экономикалык кылмыштарды жасаган, Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддагы бийликти басып алуу аракеттерин каржылаган деп айыптаган. Натыйжада кызматтык, ыйгарым укуктарынан аша чабуу (305) беренеси боюнча иш козголгон.

2010-жылы күздөгү парламенттик шайлоо өнөктүгү башталганда Түлеев “Ата Журт” партиясынын атынан талапкер болуп катталган. Шайлоого бир ай калганда Москвадан Бишкекке келген. Бирок эч жакка кетпөө кепилдиги менен камакка алынган эмес. Шайлоодон кийин депутат катары Жогорку Кеңешке шайланып, натыйжада ага козголгон иш аягына чыкпай калган. (AKu/BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG