Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Румынияда өз жанын кыйууга аракеттенген экс-премьер операцияланды


Коррупциялык кине менен эки жылга кескен соттун чечимин кайра карап чыгуу арызы четке кагылгандан кийин өз жанына кол салган Румыниянын мурдагы өкмөт башчысы Андриан Настасеге операция жасалды. Настасе шаршемби күнү өзүн өзү башка атууга аракеттенип, бирок анын үйүнө түрмөгө алып кетүүгө келген полициянын кийлигишүүсүнөн кийин, ок мойнуна тийген. Жараты жеңил болгондуктан, Настасенин абалы туруктуу экендиги кабарланууда. Бирок дарыгерлер Настасенин жүрөгү кармап, дагы 14 күн ооруканада калаарын билдиришти. 2000-2004-жылдары өкмөттү башкарган Настасеге 2004-жылдагы президенттик шайлоодо өз шайлоо өнөктүгүнө мамлекеттик бюжеттен 2 миллион доллар сарптаган деген кине коюлган. Настасе бул кинени саясий куугунтук деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG