Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Пакистанда парламент бүгүн жаңы премьерди тандайт


Парламент Жогорку соттун чечими менен ишке жараксыз деп табылган премьер-министр Юсуф Реза Гиланинин ордун баса турган талапкерди колго салат. Добуш берүүнүн алдында сот Пакистандын бийликтеги Элдик партиясынын талапкери, коалиция шериктеринин арасында жетиштүү колдоого ээ болгон Махмуд Шахабуддинди камакка алууга буйрук берди. Натыйжада Элдик партия дагы эки талапкерди көрсөттү. Өкмөт башчысы Гиланини Жогорку сот шейшембиде президент Асиф Али Зардариге каршы коррупциялык ишти кайра ачпайт деп күнөөлөп, өкмөт башкарууга жараксыз деп тапкан.

XS
SM
MD
LG