Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Укук коргоочулар Түлеев боюнча билдирүү таратты


Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди кармоо учурунда мыйзам бузулду. Бул тууралуу бүгүн "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы билдирди.

"Жарым түн ортосунда автомат менен келип оппозиционер депутатты кармап кетүү биздин өлкөнү кайрадан авторитаризм дооруна алып келет", - деп айтылат укук коргоочулар тараткан билдирүүдө.

Коалиция баардык саясый жана коомдук күчтөрдү сактыкка жана тилектеш болууга үндөдү.Ал эми Жогорку Кеңеш күч түзүмдөрдөн түшүндүрмө талап кылып, парламент эркиндигин, адам укуктарынын сакталышын камсыз кылуу керек экени айтылды.

Өткөн түнү Нариман Түлеевди үйүнөн алып кетишкен. Анын жакындары күч кызматкерлери эч нерсе түшүндүрбөй, орой мамиле жасап, Түлеевди күч менен алып кеткенин айтышууда.

Баш прокуратура Нариман Түлеев коррупция боюнча айыпталып жатканын, аны суракка алып келишсе депутаттардын тобу ызы-чуу чыгарып, тергөөгө тоскоолдук кылып, аны кайра бошотуп алып чыгып кетишкенин билдирди.(RK)

XS
SM
MD
LG