Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Баткенде эки жүздөй адам нааразылык акциясына чыкты


Баткенде бүгүн эки жүздөй киши нааразылык акциясына чыгып, облус жетекчилиги менен аксакалдар жолуккандан кийин кайра тарап кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук мамлекеттик администрациянын маалымат катчысы Кубатбек Айбашов билдирди.

Анын айтымында, митингчилер тажик күч түзүмдөрү кармап кеткен үч жергиликтүү тургундун бошотулушун талап кылышты. Болбосо, ар кандай кадамдарга барабыз дешти.

20-июнда Тажикстандын аймагында баткендик үч жаранды 30 килограмм кызыл сымап алып жүргөнү үчүн деп тажик күч түзүмдөрү кармап кеткен. Кармалгандардын бошотулушун талап кылып алардын жакындары, Баткен районунун Кара-Бак айылдык аймагындагы Достук айылынын 150дөй тургуну кечээ Баткенге соода кылганы келген 16 тажик жаранын барымтага алган. Кечке жуук алар кое берилген.

Тажикстандын маңзат көзөмөлдөө органы кармап кеткен үч кыргызстандыкты бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Бүгүн кыргыз жарандарынын кармалыш жагдайы жана себебин билип, аларды кыргыз тарапка өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу үчүн Тажикстандын Исфара районуна Баткендин облус губернаторунун орун басары Саитжан Эратов, милиция жана чек ара кызматынын өкүлдөру жөнөп кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG