Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Ооганстанда мейманканага жасалган чабуулда 12 адам курман болду


Полициянын кабарына караганда, Кабулдун четиндеги мейманканага талиптер өткөн түнү чабуул коюшкан. Кеминде төрт козголоңчу өлтүрүлдү, дагы төрт жайкын тургун окко учкан. Полиция бир аз мурдарак коопсуздук кызматынын үч өкүлү жана бир полисмен да набыт болушканын кабарлаган. Козголоңчулар Карга көлүндөгү мейманканага чабуул коюп, адамдарды барымтага алышкан. Полициянын кабарына караганда, бир топ адамдар полициянын кийлигишүүсү менен бошотулду. "Талибан" өзүнүн чабуулунун себебин “бул мейманканада бай оогандар менен чет өлкөлүктөр адепсиз кечелерди өткөрүшөт” деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG