Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:20

23-июнга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
22-25-июнда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел журүшу мүмкүн.

Аба ырайы
23-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34,
Талас облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,
Баткенде түнкүсүн 16...21 күндүз 30..35 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22 күндүз 29...34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10..15 градус, күндүз 25...30
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20..25,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0..5, күндүз 20...25,
Тоолордо түнкүсүн -3...+2, ал эми күндүз 7..12 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20, күндүз 31...33 градус болот.

Бүгүн (22-июнда) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 19 градус болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG