Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Абактагы Турдубаева ачкачылык жарыялады


Үй салып берем деп элден акча чогултуп алдап кетти деген айып боюнча соттолгон "Азия курулуш" компаниясынын мурдагы жетекчиси Адина Турдубаева бүгүн ачкачылык жарыялады.

Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында үч жылдан бери камакта. Жарандарды 90 миллион сомго алдап кеткен деп айыпталган. Турдубаева рак оорусуна чалдыгып, учурда медициналык жардамга муктаж экенин бүгүн парламентте айрым депутаттар айтып чыккан.

Адина Турдубаева Орусиянын жараны. Бишкектин Свердлов райондук сотунда күнөөсү аныкталып, 17 жылга кесилген.

Ал ачкачылык жарыялоо менен сот ишин кайра карап чыгууну, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатканын, тергөө абагына эч доосу жок экенин бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. (RK)

XS
SM
MD
LG