Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Нариман Түлеевдин тергөө иши жашыруун өтөт


Депутат Нариман Түлеевдин качан, кайда келип суракка алынаарын анын ишин тергеп жаткан тергөөчү гана билет. Ал жашыруун да болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сейитжан Апышев билдирди.

- Тергөөчү өзүнчө процессуалдык тарап болгондуктан суракты качан, кайда өткөрүү тууралуу ага эч ким буйрук бере албайт. Мыйзам боюнча тергөө иши жабык жүргүзүлөт, эч ким билбеш керек. Башкача айтканда тергөө ишине басым болбой, эркин өтүшү үчүн.

Саат 14:00 чамасында эл өкүлү Нариман Түлеев башкы прокуратурага келгенин айтты. Ал эртең менен тергөөчү менен байланышканын "Азаттыкка" кабарлаган болчу.

Кылмыш иши козголгон депутат Нариман Түлеев 22-июнда тергөө иштеринин алкагында суракка өзү келип тураарын билдирген. Андан мурда 21-июнда кечинде күч түзүмдөрү суракка келбеди деген жүйөө менен эл өкүлүн үйүнөн кармап кеткен эле. (AKu)

XS
SM
MD
LG