Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Баткенде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Бүгүн Баткенде кечээ митингге чыккан эл жана Тажикстанда жакындары камалгандар менен тиешелүү жетекчилер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук администрациянын басма сөз катчысы Кубатбек Айбашев билдирди.

- Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, губернатордун орун басары, облустук прокуратура жана УКМКнын башчылары, мэр түшүндүрүү шитерин жүргүзүп жатышат. Алар башка мамлекеттин жарандарын, дегеле кайсы бир адамды барымтага алуу мыйзамсыз экенин айтшышты.

21-июнда жана 22-июнда аталган аймактын эли Тажикстанда камалган 3 кыргызстандык жаранды коё берүү талабы менен тажик жарандарын барымтага алган. Биринчи күнү барымтага алынган 16 тажик жараны, экинчи күнү 8 жаран кыргызстандык тартип коргоо органдарынын аралашуусу менен бошотулду. Кечээ барымтадагыларды бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылыша кетип, бир тартип коргоо кызматкери жаракат алган. (AKu)

XS
SM
MD
LG