Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Нигерияда исламчылар түнкү клубду жардырышты


Нигериянын борбору Абуджа шаарында адатта чет элдиктер эс алчу түнкү клубда жардыруу болуп, аны исламчылардын "Боко Харам" тобу уюштурганын мойнуна алды. Нигерияда соңку бир жуманын ичинде эле туташ жардыруулардан кеминде 100 адам жабыр тартты. Окуядан кийин Нигериянын президенти Гудлак Жонатан Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин жана коргоо министрин кызматтан бошотту. Акыркы мезгилде өлкөдө “Боко Харам” исламдык тобунун аракети кескин күчөп, алар бүтүндөй өлкө шариаттын шарты менен жашоо керек деген ураанды көтөрүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG