Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Нариман Түлеев камалды деген маалымат тарады


Айрым маалымат каражаттары Бишкек ИИБинин имаратында сурак берип жаткан депутат Нариман Түлеев камакка алынганы тууралуу маалыматты таратты. Башкармалыктын имаратынын жанында турган депутаттын жакындары жана тарапташтарынын айтымында, ал жерди күч түзүмдөрүнүн атайын кызматкерлери курчап турат.

Түлеев Бишкек шаардык ИИБинин имаратына кирген боюнча чыга элек. Ошондуктан депутаттын тарапташы Айбек Монолов камалды деген маалымат чын болушу мүмкүн экенин, бирок өздөрү эч кандай маалымат алалбай сыртта турганын "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, депутат алгач башкы прокуратурага чакырылган.

- Башкы прокуратурага баратса, машинаны токтотуп, атайын кызматтагылар Түлеевди башка машинага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Биз кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алардын коштоосу менен алынып келгенин билдик.

Депутат Нариман Түлеевге 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин коррупция боюнча кылмыш иши козголгон. Аны ушул жылы 21-июндун кечинде күч түзүмдөрүнүн атайын кызматкерлери күч менен үйүнөн кармап кетишкен болчу. УКМКнын төрагасы Шамиль Атаханов кечээ парламенттин жыйынында Түлеев камакка алынарын билдирген. (AKu)

XS
SM
MD
LG