Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Талапкерлерге Кытайдагы ЖОЖго 22 орун берилет


Кытайдын Үрүмчү шаарындагы үч жогорку окуу жайына кыргызстандык абитуриенттер үчүн 11 орун берилет. Синьцзян университетинде 5, Синьцзян педагогикалык университетинде 3, Синьцзян айыл-чарба университетинде 3 орунга стипендия каралган.

Конкурсту "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык кору Тышкы иштер министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге уюштуруп жатат. Документ тапшыруу үчүн акыркы мөөнөт 27-июнь. Ага чейин Бишкек шаары, Чүй көчөсү, 114-үй, 414 бөлмөдөн кандай документтер керек экени тууралуу маалымат алса болот.

Быйыл Кыргызстанда 71 миңден ашуун бала мектепти бүтүрдү. Ушул жылдан тарта жергиликтүү жогорку окуу жайлар студенттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен гана кабыл алат. (AKu)

XS
SM
MD
LG