Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:41

Егиептте жаңы президенттин ысымы жарыяланат


Египетте бир нече сааттан кийин жаңы президенттин ысымы белгилүү болот.
Экинчи айлампада ат салышкан "Мусулман агайыңдар" кыймылынын талапкери Мухаммад Морси жана Хосни Мубарактын акыркы өкмөтүн жетектеген Ахмед Шафик экөө тең Борбордук шайлоо комиссиясынын санактарын күтпөстөн өздөрүн жеңүүчү деп жарыялашкан.

Шайлоонун жыйынтыгын утурлай Каирдин борбордук көчөлөрүнө эки талапкердин миңдеген колдоочулары топтолуп жатканы кабарланууда. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шайлоодон кийин Мубарак тушундагыдай режимдин кайтып келишинен чочулагандар менен ислмачылардын башкаруусун каалабагандар ортосунда тирешүү күчөдү. Борбордук шайлоо комиссиясы 17-июнь күнкү шайлоонун жыйынтыгын бейшембиде шардана кылмак, бирок айрым бурмалоо фактыларын териштирүү үчүн убакыт талап кылынаарын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG