Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Нарында Нариман Түлеевди коргогон митинг өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын шаарынын тургуну Эркин Асаналиев кабарлады. Анын айтымында, Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртпөй туруп үйүнөн кармап кетиши адам укугуна каршы келет. Ошондой эле митингдин уюштуруучулары Түлеевдин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында камалышын да туура эмес деп эсептешүүдө.

Бишкектин мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев коррупция боюнча шектелип, ага каршы 2010-жылы кылмыш иши козголгон. Эки күн мурда, 21-июнда Башкы прокуратуранын суракка келген жок деген жүйөөсү менен үйүнөн күчтөп кармалып кеткен. Бирок Түлеевди тарапташ депутаттар чыгарып кетишкен болчу.

23-июнда Түлеев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактуу кармоо жайына 48 саатка камалганын, ушул эле күнү кылмышка шектүү адам катары сурак бергенин Башкы прокуратура кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG