Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Сузакта сууга аккан адамдын денеси табылды


Сузактын Багыш айыл аймагында кечээ кечки саат бештерде жүргөн сел
Жалал-Абад - Казарман жолунда турган Көк-Жаңгак-Сай көпүрөсүн жарактан
чыгарды. Жолдун аталган бөлүгү жабылган. Райондун Багыш айыл өкмөтүнө
караштуу Сафаров жана Кулбайлуу айылдарында 33 бак-чарбакты сел
каптады. Селге агып кеткен бир адамдын денеси жергиликтүү тургундар
тарабынан табылып, азыркы учурда анын ким экени такталууда. Аталган
аймактарда үзүлгөн электр жарыгын оңдоого райондук элект тармактар
ишканасынын он бригадасы тартылды. Бул тууралуу 25-июнда чукул кырдаал
министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG