Бүгүн Таласта облустук акимчиликтин алдына Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди коргогон ЖК депутаттарына нааразычылыгын билдирип, Талас шаарынын тургуну Анарбек Оңолбаев аттуу адам митинге чыкты. Ал чыккан себебин “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:
- 9 депутат барып Нариман Түлеевди колдоп жактаганы туура эмес. Алардын бул кылганы кыргыз элинин кыжырын кайнатып жатат. Алардын мындай кылганы болбойт, - деди “Азаттыкка” Оңолбаев.
Буга чейин “Акыйкат” деп аталган кыймылдын өкүлдөрү Талас шаарында нааразычылык акциясын өткөрөөрүн кабарлашкан болчу. (MbA)