Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Казакстан “Ак-Тилек” бекетин убактылуу жаап койду


Иштеп баштаганына бир ай гана болгон Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы “Кара-Суу”(казак) -“Ак-Тилек” (кыргыз) өтмө бекети 15-июндан бери жабык турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМК алдындагы Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Маалыматка ылайык, Казакстан бекетти жабуу кадамын өткөрмө бекетти оңдоп чыгып, азыр оңдоп-түзөлгөн объекттерди өткөрүп алуу аракети жүрүп жатканы менен түшүндүрүүдө. Кыргызстандын Чүй облусу менен чектеш аймактагы бул бекет 1-июлдан тарта кайра ачылары күтүлүүдө.

Мындан тышкары Түп районундагы “Көгөн”-“Каркыра” өткөрмө бекетин да 1-июлдан тарта ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эми Таластагы “Бесагаш”-“Кичи-Капка” бекетин ачуу маселеси Казакстан Бажы биримдиги боюнча өз өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин чечилмекчи.

Расмий Астана 2010-жылы Кыргызстандагы коогалуу окуялардан кийин кыргыз тараптагы чек арасын жаап, алты өтмө бекетин бекитип алган. Ушул жылдын май айында президент Алмазбек Атамбаевдин Астана сапарында эки тарап чек ара бекеттерин ачуу боюнча макулдашканы кабарланган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG