Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Биринчи май райсотуна адамдар чогулууда


Депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасы каралары айтылган Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдына жүздөй адам чогулду. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен кабарлагандай, алар Түлеевдин колдоочулары, же ага каршы тарап экени азырынча белгисиз. Буга чейин “Апрель байрагы”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү Түлеевди камоо боюнча санкцияны талап кылып, митингге чыгарын билдирген.

Коррупция боюнча айыпталып жаткан Түлеев өткөн ишембиде 48 сааттык мөөнөт менен камакка алынган. Бул мөөнөт бүгүн кечке жуук аяктап, ага чейин сот депутаттын баш коргоо чарасын аныктоого тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG