Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Нарында Түлеевди колдогон митинг аяктады


Нарын шаарынын борбордук аянтында депутат Нариман Түлеевди колдогон митинг аяктады. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, азыр болгону депутатты колдоо үчүн түзүлгөн комитеттин 60тан ашык мүчөсү аянттан кетпей, Түлеевдин баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин күтүп жатышат. Алар депутат камакка алынса, ачкачылык жарыялап, массалык жүрүштөрдү уюштураарын эскертишти.

Ошол эле учурда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда “Апрель байрагы”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелери Түлеевдин камалышын талап кылып митинг өткөргөнү жатышат. ЖК депутаты Нариман Түлеевди убактылуу камакка алууга бөлүнгөн 48 саат бүгүн кечинде аяктайт. (TSh/KKs)

XS
SM
MD
LG