Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Түлеевдин баш коргоо чарасы боюнча сот жабык өтүүдө


Депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда жабык каралууда. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, сот имаратынын алдында Түлеевди колдогон жүздөй адам жана анын камакка алынышын талап кылган 30дай адам турушат. Өзүн Түлеевдин коомдук жактоочусумун деп атаган “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үматалиева сот залына кире албай калды.

Прокуратура Түлеевди кармалган күндөн тарта эки айга Бишкектеги 1-тергөө абагына камакка алууну соттон өтүнүүдө. Депутаттын адвокаты Түлеевди атайын №1 тергөө абагына которуп, физикалык жана моралдык жактан запкы тартырууну көздөгөн саясат жүрүп жатканын айтып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG