Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Эл артисти Капар Медетбеков кайтыш болду


СССРдин эл артисти Капар Медетбеков узак оорудан кийин өткөн түнү Бишкектеги үйүндө көз жумду. 81 жашында каза тапкан Медетбеков убагында Курманбек, Отелло, Король Лир жана башка көптөгөн спектаклдерде, "Кыргызфильм" тарабынан тартылган "Айсулуунун талаасы", "Таштагы жылмаю" жана башка 10 чакты көркөм тасмада тартылган. 1931-жылы Таластагы Шекер айылында туулган Медетбеков Нарындагы Рыскулов атындагы областтык драм театрда көп жыл эмгектенген. Артында өмүрлүк жары, Кыргыз Республикасынын эл артисткасы Калемкаш Атамкулова, эки уул, бир кызы, небере-чөбөлөрү калды. Тажиясы эртең шаршембиде өтөт.

XS
SM
MD
LG