Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

27-июнга карата аба ырайы


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 29-июнга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

27-июнда Кыргызстандын аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26...31 градус ысык,
Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,
Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29 градус ысык болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31. Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, градус, күндүз 19…24 ысык. Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 19…24,
Тоолордо түнкүсүн -2…+3, ал эми күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 16...18, күндүз 28...30 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун темперутурасы 25-июнда күндүз +21, 26-июндун таңында +19 градус болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG