Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Түркия Сирияга каршы НАТОдон жардам сурады


Түркия НАТОго кайрылып, өткөн аптада түркиялык аскерий учакты Сириянын атып түшүрүүсүн Түндүк Атлантика уюмуна кол салуу деп баалоону сурады. Эгер альянстын бардык мүчөлөрү Анкаранын өтүнүчүн колдошсо, НАТОнун жобосунун 5-беренесине ылайык, уюмга кирген өлкөлөр Түркиянын чек арасын Сириядан коргого жардамдашуусу шарт.

Түркиянын вице-премьер-министри Булент Аринч Анкара дал 5-беренеге жараша НАТОго кайрылганын тастыктап, бирок Түркиянын “эч ким менен согушайын деген ниети жок" деди. НАТОнун дипломаттары Брюсселде болчу бүгүнкү жыйынында Түркиянын арызын карайт. Сирия 22-июнда түркиялык аскердик учакты Жер ортолук деңизинин жээгиндеги эл аралык сууларда атып түшүргөн.

Маалыматтарга караганда, Сирия армиясы Түркияга качкан бозгундарды дембе-дем аткылап тургандыктан эки арадагы чек арада кырдаал начар.

XS
SM
MD
LG