Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Тоо-кенчилер бирикмеси Кумтөр боюнча өкмөттү сынга алды


Тоо-кенчилер бирикмеси бүгүн билдирүү таратып, анда Кумтөр боюнча өкмөттүн жоопкерчилиги көз жаздымда калып жатканын билдирди. Бирикменин жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Кумтөрдөгү экологиялык абал боюнча көбүнесе инвесторго сын айтылаарын, бирок өкмөт да абалды көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин билдирүүдө. Мындан тышкары парламентте Кумтөр маселеси талкууга алынгандан бери “Центеррадагы” өкмөттүн акцияларынын наркы кеминде 330 миллион долларга түшүп кеткенин эскертүүдө.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов КТКРда көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия түзүү керектигин, анын корутундусу менен мамлекеттин кызыкчылыгына туура келген чечим кабыл алынышы зарылдыгын билдирди. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG