Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Египет соту өкмөттүн декретин жокко чыгарды


Египеттин Жогорку Соту аскердик полиция менен чалгындоо кызматтарына жарандарды камоого уруксат берген өкмөттүн декретин жокко чыгарды. Армия төбөлдөрү колдогон утурумдук өкмөт мындай чечимди 16-17-июнда болгон президенттик шайлоонун алдында чыгарган.

Оппозиция жана саясатчылар декретти Жогорку аскердик кеңештин май айында токтотулган чукул кырдаал абалын кайра киргизүү аракети катары сындап, катуу нааразылык билдирген.

Президенттик шайлоодо “Мусулман агайындардын” талапкери Мухаммад Мурси мурдагы президент Хосни Мубарак тушундагы акыркы өкмөт башчы Ахмад Шафикти жеңген. Үч кызы жана неберелерине баш болгон Шафик шейшемби күнү Бириккен Араб Эмирлигине зыярат кылганы жөнөп кеткени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG