Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

AKШда хакерлер деп шектелген 24 киши кармалды


Тартип коргоочулар хакерлердин арасына карапайым киши болуп кирип алып, төрт континентте жүргүзгөн операциянын натыйжасында уурдалган кредиттик карталар менен интернет аркылуу акча жана банк маалыматын саткан деп шектелген 18ден 35 жашка чейинки курактагы 24 эркек кармалды.

Интернеттеги алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылса, алардын айрымдары 40 жылга чейинки мөөнөткө кесилип кетиши мүмкүн. Алар АКШнын Борбордук чалгын бюросу болгон ФБРдин 2010-жылы баштаган атайын операциясында кармалды. ФБР тарабынан түзүлгөн Кардер Профит форуму уурдалган банк эсептери менен соода кылган катталган кардарлардын интернеттеги базар платформасы катары кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG