Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Элдик Конституциялык кеңешме түзүлдү


Коомдук ишмер, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, 26-июнда 46 коомдук уюмдун жана он чакты саясий партиянын өкүлдөрү чогулган жыйында Элдик Конституциялык кеңешме түзүлдү. Жыйындын катышуучулары 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны жараксыз деп таап, жаңысын кабыл алууну колдошууда. Уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн 12 кишиден турган штаб мүчөлөрү тандалып алынды. Аны парламенттин мурдагы мүчөсү Кубанычбек Кадыров жетектемей болду. Штаб Конституциялык кеңешмеге канча жана кайсы уюмдар кирерин так аныктап чыккандан кийин концепция иштелип чыгат. “Концепция жактырылган соң Конституциянын долбоору иштелип, ал Жогорку Кеңешке жиберилет”, - деди Чолпонбаев. Ал эми Элдик Конституциялык кеңешме 5-июлга чейин толук түзүлүп бүтөт.

Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин Конституция 1993-жылы 5-майда “легендарлуу парламент” тарабынан кабыл алынган. Баш мыйзам кабыл алынган 20 жыл аралыгында 10 жолу өзгөртүүгө дуушар болду. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин июнь айындагы референдумда азыркы Конституция кабыл алынган. Ал Конституция өлкөнү парламенттик башкаруу системасын орнотууга багыттады. Азыркы кезде кыргыз коомчулугунда 1993-жылдагы Конституцияга кайтууну көздөгөн саясатчылар, кыймылдар жана топтор бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG