Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Павлюктун жоголгон эстелиги табылды


Маркум журналист Геннадий Павлюктун уурдалып кеткен эстелиги табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери эстеликтин таарындылары менен айрым бөлүктөрү салынган мүшөктү Бишкектин Ленин районундагы бир үйдөн табышкан. Үйдүн ээси бул мүшөктү бир таанышы алып келип таштаганын, анын ичинде эмне бар экенин буга чейин билбегенин айтууда. Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкананын жанында тургузулган колодон жасалган эстелик 21-майда уурдалган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG