Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Бишкек-Ош жолу бир тараптуу ачылды


10 саат жабык турган жол 26-июнда 22:50дө ачылды. Аталган жолдун 425-чакырымында, же Күрпсай ГЭСинин бөлүгүнө шейшемби күнү түшкү экиде 20-25 миң тонна кв. метр көлөмүндө, бийиктиги 15 метр, кеңдиги 150-170 метр болгон тоо
тектери урап түшүп, жолду тосуп калган.

Учурда жолго түшкөн тоо тектери атайын техникалардын күчү менен тазаланып жатат. "Адам өмүрүнө жана машинелерге залал тийген жок", - деп билдирди Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев. (YA)

XS
SM
MD
LG