Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Алайда кутурманын очогу табылды


Алай районунун Кердегей айылында бир тургундун өгүзү кутурмага чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эки күн мурда Туюк-Кашка-Суу жайлоосунда кутурмага шектелген өгүздүн башы кесилип, Ош облустук ветеринардык башкармалыгына жөнөтүлгөн. Лабораториянын жыйынтыгы боюнча малдын кутурма чалдыкканы тастыкталып, эти райондук ветеринардык адистер тарабынан өрттөлүп, көмүлдү. Азыр аймакта кутурманы алдын алуу иши жүрүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG