Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Сотторду тандоо кеңешине жаңы мүчөлөр шайланды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Сотторду тандоо кеңешине үч жаңы мүчө шайланды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кеңешке Бишкек шаардык сотунун судьясы Жумагүл Албанова, Бакай-Ата районунун соту Албина Жээнбекова жана Сузак райондук соту Абибилла Тажибаев мүчө болуп калды. Чүй облустук сотунун судьясы Кубанычбек Сулаймановдун талапкерлиги өтпөй калды. Апрель айында Сотторду тандоо кеңеши мыйзамга туура келбейт деген жүйө менен төрт судьянын мүчөлүгүн токтоткон.

Сотторду тандоо кеңешинин жалпы 24 мүчөсү бар. Учурда кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлердин документтерин кабыл алууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG