Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Казак-кыргыз мамилесин жакшыртуучу келишим даярдалууда


Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилени жаңы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгаруу максатында эки тараптуу документ даярдалууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, бул келишимге казак тарап да макулдугун билдирип жатат. “Документке кол коюлса, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катныш жаңы деңгээлге чыгат”,-деди Казакбаев. Келишимге качан кол коюлары азырынча анык боло элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG